Камчыбек Ташиев дагы бир классташына үй салып берди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы бир классташы Абдукарим Пулатовго үй салып берди.
Үйдүн курулушу ушул жылдын майында башталган. Бүгүн, 28-августта УКМК башчысы жеке өзү үйдүн ачкычын тапшырды, ага Абдукарим Пулатовдун В.Терешкова атындагы мектеп-интенатында окуган классташтары да катышты.
Абдукарим Пулатовдун үйү 2024-жылдын июль айында болгон селден жабыркап, жер төлөсүнө суу кирип, дубалдары урай баштаган. Жаңы үй курууга мүмкүнчүлүгү жок, 1-топтогу майыптыгы бар Ооган согушунун ардагери Пулатов классташы Камчыбек Ташиевге кайрылган.
Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн тургуну Абдукарим Пулатов Камчыбек Ташиев менен Ош шаарындагы Терешкова мектебинде бирге билим алган. Азыркы учурда Пулатов жубайы менен 5 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрүп келет.
