Ак-Буура – Араван каналына түшүп кеткен 27 жаштагы жаран изделүүдө
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы
30 июль

Ак-Буура – Араван каналына түшүп кеткен 27 жаштагы жаран изделүүдө

Ош шаарындагы Ак-Буура – Араван каналына түшүп кеткен 27 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан кабарлашты. 

Кырсык 29-июлда катталган. 

Билдирүү алынары менен окуя болгон жерге куткаруучулар ыкчам жөнөтүлүп, издөө-куткаруу иштери башталган.

2026-жылдын 30-июлунда издөө иштерин улантуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрүнөн жалпы 86 кызматкер, ошондой эле издөө иштерине Ички иштер министрлигинин 15 кызматкери жана дайынсыз жоголгон жарандын жакындарынан 30 адам катышууда.

Учурда издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.