Чукул билдирүү! Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 26-28-февралдарда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу,
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу,
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°суктан…+3° жылуулукка чейин,
- республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°,
- тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8°,
- бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -3…-8° суук,
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.
Мындай аба ырайы унаа жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
