Кыргызстандагы санариптик трансформация: келечекте бизди эмне күтүп турат?
11 апрель

Кыргызстандагы санариптик трансформация: келечекте бизди эмне күтүп турат?

Кыргызстан мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн активдүү санариптештирүүнү улантууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин «Альянс» жана «Ынтымак» фракцияларынын депутаттары, Президенттин иш башкармасынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесине келип, өлкөнүн санариптик келечегин түзүп жаткан негизги IT- долбоорлору менен таанышышты.

Иш-чарага санариптик өнүгүү министри Азамат Жамангулов, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Маалымат алмашуунун негизги темасы болуп жарандар менен бизнестин мамлекет менен азыркы заманбап технологиялар аркылуу өз ара байланышын жеңилдетүү болду.

Кандай санариптик чечимдер киргизилип жатат?

«Кызмат» мекемеси бир нече инновациялык долбоорлорду сунуштап, мамлекеттик кызматтардын ыңгайлуулугун жана эффективдүүлүгүн кыйла жогорулатат:

Кызмат ID – бардык документтер боюнча бирдиктүү санариптик карта, ал кагаз жүзүндө берилген жүздөгөн документтерди алмаштырып, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүүлүктүү камсыздайт. Бул жаңылык бюрократиялык тоскоолдуктарды минималдаштырып, мамлекеттик кызматтарга ыңгайлуу жол менен жетүүгө шарт түзөт.

Жаңыланган «Түндүк» платформасы – жакынкы арада колдонмо жаңы дизайнга, жакшыртылган архитектурага жана кеңейтилген функцияларга ээ болот. Ал дагы да ыңгайлуу болуп, мамлекеттик органдар менен байланышты ылдамыраак жана жеңил кылат.

Кадастр үчүн санариптик чечимдер – азыркы заманбап инструменттерди киргизүү менен кыймылсыз мүлккө байланыштуу иштерди жеңилдетүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мүлк жана транспортту камсыздандыруу – санариптик платформага өтүү процесстин ыңгайлуулугун жана ачыктыгын камсыздайт.

Туристтерди камсыздандыруу – саякатчыларды күтүлгөн кырдаалдарда кепилденген жардам менен камсыз кылган жаңы система.

Бул демилгелер – мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу, ачык жана заманбап кылып түзүү жолундагы маанилүү кадам. Депутаттар сунушталган чечимдерди колдоп, аларды санариптик экономика жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү деп белгилешти.

Кыргызстандын санариптик келечеги: эмне курулууда жана кандай келечек күтөт?

Маанилүү долбоорлордун бири – Бишкек шаарында «Кызмат» мекемеси жаңы жети кабаттуу имаратынын курулушу, ал эң ири КТБларды жана Мамлекеттик персоналдаштыруу борборун бириктирет.

Эгерде бардык пландалган санариптик долбоорлор, анын ичинде Кызмат ID жана жаңыланган «Түндүк» ийгиликтүү ишке ашса, Кыргызстан санариптештирүү чөйрөсүндө сапаттуу кадам жасайт. Электрондук кызматтар кагаз жүзүндөгү документтерди алмаштырып, бюрократиялык процесстерди жөнөкөйлөтүп, мамлекеттик кызматтарга тез жетүүгө шарт түзүп, жарандардын жашоосун ыңгайлуу кылат.