Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү
24 февраль

Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгү жана алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын алкагында жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө эки тараптуу кызыкчылык баса белгиленди.