Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды
24 февраль

Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 24-февралда Бириккен Улуттар Уюму тутумунун (БУУ) Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2024-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2025-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, регионалдык жана эл аралык күн тартибин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Ж.Кулубаев ушул жылдын июлунда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу серепти өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кыргыз тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.

Тараптар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты. Министр Ж.Кулубаев өлкөдө жана чет өлкөдө «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» Эл аралык конференциясы (2025-жылдын 24-25-апрели, Бишкек ш., КР), Бүткүл дүйнөлүк тоо жаштарынын фестивалы (алдын ала 2025-жылдын августу, Ысык-Көл, КР), БУУнун алкагындагы тоолор боюнча Пре-саммит - конференция (2026, Нью-Йорк ш., АКШ) жана Экинчи Глобалдык тоо саммити «Бишкек+25» (2027, Бишкек ш., КР). БУУ тутумунун Туруктуу координатору мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, тоо-кен тармагынын күн тартиби боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз тараптын кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады, ошондой эле БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүлө тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде БУУ тутумунун Туруктуу координатору анын бардык ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, мамлекеттик органдарына жана өлкөнүн калкына колдоо көрсөтүүгө багытталганын белгиледи. А.Граве жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгилеп, бул үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.