Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКсы  республика боюнча энергообъекттерде селге каршы иш-чараларды өткөрүүдө
11 апрель

Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКсы  республика боюнча энергообъекттерде селге каршы иш-чараларды өткөрүүдө

Жаз мезгилинин келиши жана суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн жана сел жүрүү тобокелдиктеринин  жогорулашы менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы  республиканын бардык аймактарында суу ташкындарына каршы иш-чараларды жандандырды.

Мүмкүн болгон табигый коркунучтардын алкагында компаниянын адистери электр берүү чубалгыларынын тирөөчтөрүн бекемдөөгө жана  көмөк чордондордун туруктуулугун камсыздоого багытталган күчөтүлгөн текшерүүлөрдү жана техникалык иштерди жүргүзүүдө.

Аткарылуучу иштердин тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • АЧлардын тирөөчтөрүн коргоо жана бекемдөө;
  • кооптуу аймактарда АЧлардын тирөөчтөрүн бандаждоо жана түздөө;
  • көмөк чордондордо суу буруучу жана сел буруучу каналдарды куруу жана тазалоо;
  • кол менен жана механикалаштырылган ыкма менен кыртышты иштеп чыгуу;
  • кабелдик жана дренаждык каналдарын тазалоо.

2025-жылы 339 аба чубалгыларды 10-0,4 кВ мамычалардын  жана 16 аба чубалгыларды 35-500 кВ таянычтарды бекемдөө, ошондой эле селге каршы иш-чаралар 15 10-0,4 кВ көмөк чордондордо жана 49 35-500 кВ көмөк чордондордо жүргүзүлөт.