Ошто түнкүсүн көчөдө жүргөн 100 баланын ата-энесине айып пул салынды
Ош облусунда 15-августтан тартып «Өспүрүм, түн» рейди өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын максаты балдарды ар кандай терс көрүнүштөрдөн арылтуу, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, туура багыт берүү болуп саналат. Анда тартип сакчылары Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте саат 22:00дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иш алып барышат. 22-августка чейин жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 105 бала аныкталып, алардын ата-энелери, же жакын туугандары чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин (балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу) негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Бул рейд 30-августка чейин уланат.
