“Аскерден таяк жеген балам майып болуп калды”, – тургун кол көтөргөн жоокер жазасыз калганын айтты
25 июнь

“Аскерден таяк жеген балам майып болуп калды”, – тургун кол көтөргөн жоокер жазасыз калганын айтты

Президент Садыр Жапаровдун Нарын районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда Айнур Осмонова аттуу тургун аскерге барып таяк жеп, жыйынтыгында майып болуп калган баласы тууралуу айтты. 

Тургун белгилегендей, 2025-жылдын сентябрында уулу аскерге чакырылган. 15-октябрда ант берген, анан Бишкектин чет жагында кызмат өтөй баштаган. Ошол учурда өзүнөн 6 ай мурда барган жоокерден таяк жеген. Учурунда дарыланбагандыктан, кесепети оордошуп, баласынын бөйрөгү катуу жабыркап, гемодиализге түшүп калган. 

“Биз Коргоо министрлигинин медициналык департаментине кайрылдык. Алар Түркияга жолдомо беришти. Учурда уулум агасы менен Түркияда, агасы донор болуп жатат, бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалууда”, – деди аял. 

Ал ошону менен бирге президенттен баласын сабаган жоокерге карата чара көрүүнү көзөмөлүнө алуусун суранды. 

“Менин эки балам майып болуп калуу алдында турат. Сабаган бала жазасын тартсын”, – деди ал. 

Прокуратуранын өкүлү бул иштен кабары бар экенин жана аялдын баласы сабоонун кесепетинен эмес, мурда эле ден соолугунда көйгөй болгондуктан ушундай абалга кептелгенин билдирди. 

Садыр Жапаров мындай операциялар Кыргызстанда да акысыз жасалаарын эстетти. 

“Эмнеге Түркия, Индия? Мен жаңы президент болгонумда орган алмаштыруу операциясына муктаж болгон миңге жакын бейтап кайрылып, фондуңуздан акча бөлүп бериңиз деп суранышкан. Мен эмнеге бизде буларды жасоого болбосун деп уюштуруп, донор болсо эле бир сом албаган акысыз операцияларды жасоо башталды. Бирок 50 гана бейтап жасатты, калгандарынын донорлору жок болуп чыкты. Ушуну эстеп койгула: бизде мындай операциялар акысыз жасалат”, – деди президент. 

Аны менен катар мамлекет башчы аскерде бир чакырыктагы балдар гана чогуу кызмат өтөшү керек деген чечим чыгарганын, учурда “дедовщина” жоктугун билдирди. 

Андан сырткары аялга арыз жазса, эки баласына жардам берээрин убадалады.