Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I сессиясынын иши жыйынтыкталды
25 июнь

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I сессиясынын иши жыйынтыкталды

Бүгүн, 25-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы жыйынтыкталды.

Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.