«Ак Босого» конушунда 25-февралда ичүүчү суу өчүрүлөт
«Ак Босого» конушунда 25-февралда саат 09.00дөн 15:00 гө чейин убактылуу ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Ичүүчү суу «Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

