Алимент өндүрүү үчүн арыз жазуу тартиби өзгөрүүсүз калышы мүмкүн
Кыргызстанда алимент өндүрүү же коммуналдык төлөмдөргө анчалык көп эмес суммадагы карыз сотко өтүп кеткен учурда арыз жазуучу же жооп берүүчү тарап сотко ишенимдүү өкүлү үчүн кайрыла алат. Бул норма өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында юстиция министри Аяз Баетов “Юридкалык өкүлчүлүк маселелери боюнча” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатканда билдирди.
Депутат Жылдыз Курманалиева буга чейин мыйзам долбоорун 1-окууда караганда, бир катар сунуштарды бергенин эске салды. Анын бири – майда юридикалык иштерде баштагыдай эле ишеним кат берүү тартибин калтыруу.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда сотко арыз жазууну электрондук тартипте ишке ашыруу каралган.
“Алимент өндүрүүдө аялдар кыйналат, алар көбүнчө балдарын ата-энесине калтырып, көр оокаттын айынан башка өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз. Анан алар үчүн ата-энелери сотко алимент өндүрүү боюнча арыз жазууга туура келет. А улгайган адамдардын көбү Юстиция министрлигинин сайтына кире алышпайт. Ошондой эле коммуналдык төлөмдөр үчүн мисалы, 5 миң сом карыз болсо, сотко өтөт. Жоопкер болуп калган адамдар ушул кичинекей сумма үчүн юридикалык өкүлчүлүккө кирип, “сен катышып берчи?” деп отурганга мүмкүнчүлүк болбойт. Менин сунушум – майда суммадагы жоопкерчилик жана алимент өндүрүүдө баштапкы нормаларды калтыруу”, - деди депутат.
Юстиция министри Аяз Баетов депутаттын сунушу эске алынганын жана майда-барат иштер үчүн Бишкек шаарында 1-2 жыл, ал эми аймактарда 3 жылга чейин мурдагы тартип сакталаарын билдирди.
