Нарын шаарында 13 чакырым ички жол асфальтталат
24 февраль

Нарын шаарында 13 чакырым ички жол асфальтталат

Нарын шаарында 13 чакырым ички жол асфсальтталат. Бул үчүн 93 млн 600 миң сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирет. 

Маалыматка ылайык, шаар мэри К. Тутуев асфальтто үчүн пландалган 39 көчөдө пландоо, тактоо, уюштуруу иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды тийиштүү мекеме жетекчилерине берип, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу аракетин көрүүнү белгиледи.