Мамлекеттик кызмат агенттиги кан тапшыруу акциясына катышууда
5 август

Мамлекеттик кызмат агенттиги кан тапшыруу акциясына катышууда

2025-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешович тарабынан берилген "мамлекеттик кызматкерлердин донордук иш-чараларга катышуусу боюнча" протоколдук тапшырманын алкагында, алгачкылардан болуп Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жана агенттиктин 30 дан ашык кызматкерлери Улуттук кан борборунда кан тапшырууга келишти.

Бул иш-аракет социалдык жоопкерчилик жана адам өмүрүн сактап калуудагы жарандык парз катары бааланды. Кан тапшыргандан кийин Кудайберген Базарбаев бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди бул саамалыкка кошулууга чакырып, ар бир тамчы кан – жашоого болгон белек экенин баса белгиледи.

“Мамлекеттик кызматтагы адам – элге жакын, коомго үлгү болушу керек. Кан тапшыруу – бул жөн гана жардам эмес, бул адам өмүрүн сактоого кошкон түз салым”, – деди Агенттик директору.

Иш-чаранын максаты – коомдо ыктыярдуу донорлукту жайылтуу жана мамлекеттик кызматкерлердин социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.