Президент вебкам студияларынын уюштуруучусу Даниэл Ажиевге ырайым берди
18 февраль

Президент вебкам студияларынын уюштуруучусу Даниэл Ажиевге ырайым берди

Вебкам студияларынын уюштуруучусу Даниэл Ажиев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Аны мунапыс кылуу тууралуу жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Ажиевдин туугандары социалдык тармактарда билдиришти.

Эске салсак, 2024-жылдын октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту аны тогуз жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана 220 миң сом айып пул төлөө жазасына өкүм кылган. Кийинчерээк өкүм апелляциялык инстанция тарабынан күчүндө калтырылган.

Ажиев КР Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Алардын ичинде притондорду уюштуруу жана кармоо, порнографиялык мүнөздөгү материалдарды таратуу, уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү бар. Ошондой эле сот ага эки жылга чейин ишкердик менен алектенүүгө тыюу салган.

Ал 2023-жылдын июнь айында ири вебкам-студиялар тармагын уюштуруу боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Буга чейин соттолгон жарандын жубайы Наргиза Ажиева мамлекет башчысына кайрылып, конфискацияланган беш кыймылсыз мүлктүн жок дегенде бирин үй-бүлөгө калтырууну өтүнгөн. Ал үй-бүлөнүн оор материалдык абалын жана үч баланы багуу зарылдыгын, алардын бири майып экенин белгилеген.

Жарыяланган учурга карата мунапыс берүүнүн себептери боюнча расмий түшүндүрмө берилген эмес.