Чүй облусунда оңдоп-түзөө иштери 60 пайызга аяктады
Энергетика тармагында жүрүп жаткан жаңылоо, реконструкциялоо, келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында, “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасында оңдоп-түзөө иштери 60 пайызга аяктады. Калган 40 пайыз жумуштар 1-ноябрга чейин аяктайт.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында облуста төмөндөгүдөй иштер жүрдү.
Капиталдык оңдоо:
- 495 даана трансформатор;
- 510 чакырым аба чубалгысы;
- 14 көмөк чордон;
- 357 даана жабдуу.
Техникалык тейлөө:
- 3037 дана трансформатор;
- 5970 чакырым аба чубалгысы;
- 82 көмөк чордон;
- 2756 даана жабдуу.
Реконструкциялоо иштеринин алкагында 98 чакырым СИП кабели тартылып, 407 даана электр мамысы орнотулду.
Санариптештирүү иштеринин алкагында облус боюнча 51165 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.
Бул иштер келе жаткан 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Чүй облусунун жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.
Маалымат: Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусун электр энергиясы менен камсыздайт жана 16000 өндүрүш, 289000 турмуш тиричилик абоненттерин тейлейт.
Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
