Кыргызстанда чет элдиктерге пенсиялык топтомдорун алуу тартибин жеңилдетүү сунушталды
Кыргызстанда убактылуу иштеп, эмгек келишими токтотулгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга пенсиялык топтомдорун алуу тартибин жеңилдетүү сунушталууда.
Тиешелүү токтом долбоорун Социалдык фонд иштеп чыкты.
Учурда чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткен учурда пенсиялык топтомдорду алуу үчүн каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу даректик маалымкат талап кылынат. Бирок Кыргызстанда убактылуу иштеген чет элдик жарандарга мындай документ берилбейт. Анткени алар эмгек ишмердүүлүгү аяктагандан кийин каттоодон автоматтык түрдө чыгарылат.
Мындан улам Социалдык фонд алардын топтолгон каражаттарын алуу боюнча кайрылууларын кароодо кыйынчылыктарга туш болууда.
Долбоорго ылайык, мындай жарандар Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө арыз, өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган каттоо талону жана жумуштан бошотуу жөнүндө буйруктун же эмгек келишимин бузуу тууралуу макулдашуунун көчүрмөсү менен кайрыла алышат.
Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин да арызды почта аркылуу жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Мында арыз ээсинин жеке колу белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүшү керек.
Мындан тышкары, пенсия курагына жеткен, бирок пенсия дайындоо үчүн жетиштүү камсыздандыруу стажы же камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү жок, ошол эле учурда пенсиялык топтомдору бар жарандарга төлөм жүргүзүү тартибин өзүнчө жөнгө салуу каралган.
Ошондой эле пенсиялык камсыздоо жаатындагы эл аралык келишимдерди эске алуу менен чет өлкөгө көчүп кеткен учурда топтолгон каражаттарды төлөө тартибин тактоо сунушталууда.
Эл аралык келишимдер күчүнө киргенге чейин топтолгон каражаттарды бир жолку төлөм менен берүү, ал эми келишимдер күчүнө киргенден кийин топтолгондорду камсыздандыруу учуру келгенде мыйзамдарга ылайык төлөө сунушталган.
Долбоордо ипотекалык насыялар боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылганын тастыктоого байланыштуу айрым талаптарды эрежелерден алып салуу да каралган. Социалдык фонддун пикиринде, бул талаптар фонддун каржылоо боюнча түздөн-түз ыйгарым укуктарына кирбейт.
