«Манас» аэропортунда эки расмий такси кызматы ишке кирет
сүрөт: depositphotos.com
11 ноябрь

«Манас» аэропортунда эки расмий такси кызматы ишке кирет

«Манас» эл аралык аэропортунда эки расмий такси кызматы ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, акылдуу унаа токтотуучу жай системасы ишке киргенден кийин аэропорт таксилердин жана башка транспорттук кызматтардын кыймылын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

«Расмий такси кызматы болот. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча эки оператор иштейт», – деди Самидинов.

Ал белгилегендей, учурдагы көйгөйлөрдүн бири – аэропорттун аймагында жеке такси айдоочуларынын башаламан иштеши. Алардын көбү жакынкы айылдардын тургундары болуп, уюшкан системасыз кызмат көрсөтүп келишет.

«Кыргызстандын аэропорттору» ишканасы бул ишти жөнгө салып, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ишин мыйзам талаптарына ылайык келтирүүнү көздөп жатат.

Эки расмий такси операторунун ишке кирүү мөөнөтү азырынча айтыла элек.