Ноокенде насостук станция курулууда
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Центр” насостук бекети курулууда, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 2025-жылдын январь айында насостук бекеттин курулуш иштери башталып, жаңы насостук агрегаттар сатылып алынган.
Курулуш иштерин вегетация мезгилине чейин бүткөрүү пландалууда. Насостук бекеттин курулуш иштери аяктагандан кийин 80га жердин сугат суу менен камсыздоосу жакшыртылат.
Белгилей кетсек, буга чейин январь айында “Ийри-Булуң” насостук бекети курулуп пайдаланууга берилген. Аны менен 56 га жердин сугат суу менен камсыздоосу жакшыртылган болчу.
