Депутат: Үй куруп берем деп үлүшчүлөрдөн акча чогултуп алып, качып кеткен адам Алматыда ээн-эркин жашап жүрөт
Депутат Алтынкүл Мурзакимова Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече жарандын кайрылуусун Президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиевге жеткирди.
Депутат белгилегендей, “Альянс Курулуш плюс” курулуш компаниясы – жетекчиси Альянов Максим Анатольевич – 2017-2018-жылдары 5 кабаттуу 5 блоктон турган 120 батирди куруп, пайдаланууга берүү милдетин алган. Бирок курулуш аягына жеткен эмес. А үлүшчүлөрдөн чогулган акча кайда кеткени белгисиз.
“Максим Альянов камакка алынган, бирок соттун чечими менен бошутулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Мирзахим Максим Анатольевич болуп аты-жөнүн өзгөртүп, Алматыда жашап жатканы айтылууда. Анын орун басары Турдакун Юнусов жоопкерчиликке тартылган эмес, эч кандай түшүндүрмө берген эмес, учурда ээн-эркин Бишкекте жашап жатат”, – деди депутат.
Ал Бектур Зулпиевден бул маселени тийиштүү мамлекеттик органдарга жеткирүүнү суранды.
“Үлүшчүлөр ар кайсы өлкөдө мигрант болуп, маңдай тери менен тапкан акчаларын салып беришкен”, – деди Мурзакимова.
