Таласта баасы дээрлик 7 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
24 февраль

Таласта баасы дээрлик 7 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

14,73 га жер тилке мамлекетке кайтарылды, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Талас областынын Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү 14,73 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында, райондук прокуратура тарабынан баасы 6 млн 838 миң сомду түзгөн 14,73 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.