Кыргызстанда жыл башынан бери 2,7 миң өрт катталып, андан 34 адам каза тапкан
5 декабрь

Кыргызстанда жыл башынан бери 2,7 миң өрт катталып, андан 34 адам каза тапкан

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында республика боюнча 2 миң 732 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Кырсыктан келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 688 млн 410 миң сомду түзгөн. 

Тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза тапса, алардын алтоосу балдар, жабыркагандардын саны 22 адамды түзөт.

"Ал эми өткөн жылдын 11 айында 3174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 млрд 290 млн 195 миң сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 33 факты катталса (6 балдар), жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.