Ош мэриясынын ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды
Ош шаардык мэриясынын балансына жаңы алты HYUNDAI Porter үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-февралда техникаларды мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга өткөрүп берген.
Жаңы техникалар:
- “Ош шаардык автоунаа”,
- “Ош свет”,
- “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты”,
- “Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык турак-жай” муниципалдык ишканаларына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик,
- Маданият башкармалыктарына бөлүштүрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, техникалар Red Petroleum компаниясы тарабынан алынган.
