Депутат айыл өкмөт башчыларына муниципалдык кызматкер статусун берип, айлыгын көтөрүүнү сунуштады
11 ноябрь

Депутат айыл өкмөт башчыларына муниципалдык кызматкер статусун берип, айлыгын көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев өлкөдө эң түйшүктүү ишти аркалаган айыл өкмөт башчыларынын айлык акысы аз экенин билдирди.

Аны менен катар депутат аларга муниципалдык кызматкер статусун кайтарып берүүнү сунуштады.

Айтымында, административдик-территориялык реформанын алкагында айыл башчыларынын саны кыскарган жана алар муниципалдык кызматкер болуудан калып, ишмердүүлүгүн контракттык негизде улантышууда.

“Айыл башчылар эң көйгөйлүү иштерди аткарышат. Аларды муниципалдык кызматкер кылуу керек. Айлыгы 20-25 миң сом. Жок дегенде 40-50 миңге көтөрүү зарыл. Айылда кандай маселе болбосун, алтурмак ар бир үйдөгү көйгөйдү дагы айыл өкмөтү чечет. Айылда мал ооруса да айыл өкмөт башчысына кайрылышат”, - деди депутат.

Козуев ошондой эле, реформанын алкагында 2-3 айылга бир айыл башчы болуп калганын белгилеп, ар бир айылга өзүнчө башчы керектигин кошумчалады.