Бишкекте турак үйдүн бир чарчы метринин баасы 173 миң сомго жетти – Мамлекеттик кадастр
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 ноябрь

Бишкекте турак үйдүн бир чарчы метринин баасы 173 миң сомго жетти – Мамлекеттик кадастр

Бишкек шаарында 2026-жылдын сентябрь айында турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы 173 миң 243 сомду түздү. Мындай маалыматты Мамлекеттик кадастр мекемеси жарыялады.

Көрсөткүчтөр боюнча экинчи орунда Аламүдүн району турат. Бул жерде турак үйдүн бир чарчы метринин орточо баасы 156 миң 594 сомду түзгөн.

Ош районунда 111 миң 702 сом, Каракол-Ак-Суу аймагында 107 миң 834 сом, Сокулук районунда 107 миң 99 сомду түздү.

Ал эми Балыкчы шаарында турак үйдүн бир чарчы метри орточо 89 миң 991 сом, Жалал-Абадда 86 миң 992 сом, Ысык-Көл районунда 75 миң 723 сом деп бааланган.

Салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөр Тогуз-Торо районунда (72 миң 816 сом), Ноокат районунда (72 миң 38 сом), Жайыл районунда (71 миң 331 сом) жана Кара-Көл шаарында (71 миң 193 сом) катталган.

Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Жумгал районунда – 2 миң 916 сом, Араван районунда – 4 миң 110 сом, Сузак районунда – 9 миң 138 сом жана Таш-Көмүр шаарында – 9 миң 539 сомду түзгөн.

Маалыматтар 2026-жылдын сентябрь айында катталган кыймылсыз мүлк объектилеринин бир чарчы метринин орточо наркын чагылдырат.