Алмазбек Абдыбаитов: Улуттук гвардияга жоокерлер кандай талаптардын негизинде тандалып алынат
24 февраль

Алмазбек Абдыбаитов: Улуттук гвардияга жоокерлер кандай талаптардын негизинде тандалып алынат

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү. Бул датага карата КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысынын орун басары, полковник Алмазбек Абдыбаитов аталган гвардияда кызмат өтөөнүн өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди. 

Айтымында, Улуттук гвардияга бир катар өзгөчө тапшырмалар жүктөлгөн, ага жараша анын катарына жоокерлер бир нече талаптар менен тандалып алынат. 

«Улуттук гвардияда Ардак кароол бригадасы бар, анын катарындагылар мамлекеттик расмий иш чараларга катышкандыктан жана мамлекеттик тууну коргогондуктан ага жоокерлерди тандап алуу бир тепкич жогору турат. Негизги талаптар: 18 жаштан өйдө, толук орто билимдүү, толук үй-бүлөдө өскөн, бою 1.80ден кем болбогон, кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган уландар болушу кажет», – деди Абдыбаитов. 

Ошондой эле, кол башчынын орун басары белгилегендей, эл арасында балдарын аскерден тарбияланып келет деген түшүнүк бар, бирок бул калпыс түшүнүк, анткени, армия аскердик тартипти гана берет, ал эми жалпы тарбияны бала 18 жашка чыкканга чейин ата-энеден жана чөйрөсүнөн алат. 

«Кыска мөөнөттүн ичинде жалпы тарбия берүү мүмкүн эмес. Биз басымды аскердик тартипке салабыз», – деди ал. 

Алмазбек Абдыбаитовдун айтымында, Ардак кароолго келген уландар ант бергенден кийин эле кароолго чыгышпайт, алар бир ай даярдыктан өтүшөт. Мында кызмат өтөгөндөр мамлекеттик тууну жана башка мамлекеттик имараттарды кайтарышат жана ар бир жерге жекече өзгөчөлүү тапшырма берилет. Бул жааттагы жоокерлер дайыма элдин көзүндө болгондуктан кандайдыр бир кемчилик кетиргенге моралдык укугу жок. 

«Бишкектеги борбордук аянтта мамлекеттик тууну кайтарган жоокерлерге чыдамкайлык сапат өтө керек. Анткени, алар кышкы суукта да, жайкы аптапта да кайсы бир убакытка чейин кыймылдабай тик турганга милдеттүү. Ар кандай учурлар болот, кээде жарандар сүрөткө түшүп алаксытышы, тоскоолдук келтириши мүмкүн. Андай жагдайлардын баарына туруктук берип, өзүнүн милдетин так аткарышы керек», – деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Абдыбаитов.