Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
2 июнь

Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылат

Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 1-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана "Good Neighbors International" эл аралык уюму Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Долбоор айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, айыл чарбасын, мал чарбачылыгын, кайра иштетүүнү жана логистиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл калкынын кирешесин жогорулатууга багытталган. Экинчи фаза Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат. Долбоордун алкагында фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, айыл инфраструктурасын өнүктүрүү, логистикалык борбор куруу, микрокредитке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана агрардык секторго санариптик чечимдерди киргизүү каралган.

Долбоор 2021–2025-жылдары ишке ашырылган биринчи фазанын уландысы болот, анын жыйынтыгында айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда, мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө, инфраструктураны жакшыртууда жана айыл чарба үй-бүлөлөрүнүн кирешесинин өсүшүндө олуттуу жыйынтыктар жетишилген. Экинчи фазаны ишке ашыруу региондордун агроөнөр жай потенциалын мындан ары бекемдөөгө, соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана айыл жамааттарынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.