Бишкекте муниципалдык жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды
28 август

Бишкекте муниципалдык жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун курамына кирген Садовое жана Аламүдүн айылдарынын аймагында жайгашкан айрым муниципалдык жер участоктору жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактылары аныкталды.

Алсак, 2023–2024-жылдары бир катар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары бийлик ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгында көрсөтүлгөн тыюуга карабастан, 1,01 га жайыт, 400 ч.м.токой, 200 ч.м. жалпы пайдалануудагы жол жана 958 ч.м. суу коргоо зонасынын аймактарында жайгашкан жалпы 18 жер тилкесин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.