Ак-Буура дарыясына беш өспүрүм түшүп кетип, бирөө каза болду
2 июнь

Ак-Буура дарыясына беш өспүрүм түшүп кетип, бирөө каза болду

Ош шаарында балдардын катышуусунда кайгылуу окуя катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 31-майда беш өспүрүм эски канаттуулар базарынын аймагында ойноп жүрүп, Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнөн улам катуу агым балдарды агызып кеткен. Алардын төртөө ыкчам түрдө куткарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө-куткаруу иштерине 120дан ашуун куткаруучу тартылып, акваторияны текшерүү үчүн учкучсуз учуучу аппарат да колдонулган.

Кийинчерээк 2017-жылы туулган баланын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери уланууда. ӨКМ жарандарды суунун деңгээли көтөрүлгөн мезгилде дарыялардын жана суу объектилеринин жээгинде өзгөчө этият болууга чакырат.