Өзгөндө жол кырсыгын жасап качкан мас айдоочу кармалды 
Ош ОИИБ
2 июнь

Өзгөндө жол кырсыгын жасап качкан мас айдоочу кармалды 

Өзгөн – Мырза-Аке автожолунда жол кырсыгын жасаган жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июнь күнү саат 13:00 чамасында Өзгөн – Мырза-Аке унаа жолунун 2-чакырымында, Манас көчөсүндө токтоп турган «Kia K5» үлгүсүндөгү автоунааны күмүш түстөгү «Mercedes-Benz C200» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.

Аталган автоунааны токтотуу максатында Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында тосуу чаралары көрүлгөн. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.

Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда патрулдук автоунаа менен жол тосулган учурда да айдоочу токтобостон кызматтык автоунааны сүзүп өтүп, андан соң «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзүп барып токтогон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Mercedes-Benz C200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалда экени аныкталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, айдоочу 2008-жылы туулган Н.Б. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.