Кыргызстан менен Россиянын Ички иштер министрликтери тарабынан баңгизаттарды таратуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлду
2 июнь

Кыргызстан менен Россиянын Ички иштер министрликтери тарабынан баңгизаттарды таратуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Россия Федерациясынын ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлгөн масштабдуу эл аралык атайын операциянын натыйжасында, Россиядан Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын жеткирүү боюнча туруктуу трансулуттук канал токтотулду.

Операцияны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы, ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана Россия Федерациясынын ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын катышуусу менен уюштурган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмыштуу топ "Telegram" мессенджери аркылуу психотроптук заттарды ташып кирүү жана жайылтуу схемасын уюштурган. Баңгизаттарды сатуу "закладка" деп аталган ыкма менен, байланышсыз жүргүзүлгөн.

Бишкек шаарынын аймагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте эл аралык баңги тармагынын катышуучуларынын бири, 2005-жылы туулган Э.А.М. кармаган.

"Hyundai Grandeur" үлгүсүндөгү автоунааны тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынган. Жалпы салмагы 3 килограммга жакын психотроптук зат камтылган үч брикет, жалпы салмагы 18 граммга жакын ак кристалл зат камтылган 21 пакет, баңгизаттарды таңгактоочу жабдыктар (ZIP-пакеттер, электрондук тараза, изолента).

Психотроптук заттар автоматтык өткөргүч кутучанын конструктивдүү бөлүктөрүндө кылдаттык менен жашырылган, бул кылмыштуу схеманын катышуучуларынын жогорку деңгээлдеги конспирация жана кылдат даярдыгынын көрсөтөт.

Бишкекте жүргүзүлгөн иш-чара менен бир учурда Москва шаарында Россиянын Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан атайын операция өткөрүлгөн. Анда кызматкерлер тарабынан 1996-жылы туулган, баңгизат жөнөтүүчү деп шектелген Л.Ю.А. кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда анын жанынан Москва шаарынын аймагында таратуу үчүн арналган 700 граммга жакын кооптуу психотроптук заттар алынды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бүт партия сатылса, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кирешеси 16 миллион сомдон ашык болушу мүмкүн.

Укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын аймагында 15 миңден ашык бир жолку доза синтетикалык баңгизаттардын таралышына бөгөт коюуга жетишти.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Бишкекте кармалган жаран тыюу салынган заттарды алуу, сактоо, таңгактоо жана "закладка" системасы аркылуу андан ары таратуу функцияларын аткарган. Ыкчам кызматкерлер тарабынан аныкталгандай, кылмыштуу иш үчүн төлөм криптовалюта аркылуу жүргүзүлгөн.

Учурда эл аралык баңги тармагынын калган мүчөлөрүн, ошондой эле кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоого багытталган кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.