Ошто жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү
Ошто бүгүн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Комиссия 12-мартта Ош шаарында, Кара-Суу жана Алай райондорунда болгон жер титирөөдөн кийин социалдык объектилердин жана турак жайлардын жабыркаган деңгээлин аныктоо иштерин жүргүзөт.
Комиссиянын төрагасы болуп Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А. Мазарипов дайындалды.
Анын курамына президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирди.
Коюлган тапшырмалардын негизинде комиссиянын мүчөлөрү 19-марттан 24-мартка чейин жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүп, келтирилген чыгымдарды баалап жана компенсациянын өлчөмүн аныктайт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-март күнү саат 09:11де Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 24 турак үй жана 17 социалдык объект жабыркаган. Алардын ичинде 14 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП бар.
