Кыргызстанда акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.
