Каракол менен Брест шаарлары кызматташат. Келишимге кол коюлду
Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Сеитов Беларустун Брест шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Николаевич менен расмий жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү келишимдер талкууланып, Каракол жана Брест шаарларынын ортосунда “бир тууган шаар” макамын ыйгарган келишимге расмий түрдө кол коюлду.
Бул келишим маданият, билим берүү, туризм жана муниципалдык башкаруу тармактарында өз ара тажрыйба алмашууга, достук алаканы чыңдоого жана шаарлардын ортосунда туруктуу байланыш түзүүгө өбөлгө болот.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өтүп, тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул кадам — Каракол шаарынын эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, шаардык дипломатиянын өнүгүшүнө жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы этабына жол ачты.
