USAID эки миң кызматкерин иштен бошотууда
24 февраль

USAID эки миң кызматкерин иштен бошотууда

Президент Дональд Трамп тарабынан дайындалган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчилиги агенттиктин эки миң кызматкерин жумуштан кетирүү тууралуу электрондук каттарды жөнөттү. Бул тууралуу The New York Times (NYT) жазды.

Катта агенттиктин миңге жакын кызматкери эмгек өргүүсүнө жөнөтүлгөндүгү айтылат. Документке ылайык, бул “критикалык программаларда” иштеген же “атайын программаларды” ишке ашыруучу кызматкерлерге, ошондой эле “негизги жетекчилерге” тиешелүү эмес.

Ошондой эле электрондук катта АКШда иштеген кызматкерлер иштен алынууга дуушар болушкандыгы көрсөтүлгөн. 

Буга чейин Ак үй USAID`дин дүйнө жүзү боюнча кызматкерлеринин 97% жумуштан бошотору маалым болгон.