Кыргызстан ОДКБнын акысыз аэродромдук тейлөө боюнча протоколун ратификациялады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Аталган Протокол менен 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– макулдашуунун түшүнүк аппаратын жакшыртуу;
– Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн иштешин камсыз кылуу жана арналышы боюнча өз тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгон кызматтарды көрсөтүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунуна мүчө мамлекеттердин милдеттенмелерин жөнгө салуучу бир катар укуктук ченемдерди актуалдаштыруу;
– Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму форматында өткөрүлгөн биргелешкен машыгууларды жана күтүүсүз текшерүүлөрдү өткөрүү тартибин жакшыртуу;
– белгилүү шарттарда мамлекеттик (аскердик) авиациянын аба кемелеринин учууларын акы (жыйымдарды) албастан аэродромдук-техникалык (аэродромдук) камсыздоону жана аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу;
– түзүлүштөрдүн тоскоолдуксуз жана акысыз жүрүүсүн, кыймылсыз мүлктү (кыймылсыз мүлк объекттерин) жайгаштырууну жана пайдаланууну ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл болгон укуктук талааны түзүү.
