Кыргызстан менен Кытай коомдук коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан 2-июлуна чейин Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин Шэньси провинциясынын коомдук коопсуздук департаментинин башчысынын орун басары Ян Шанвэй жетектеген делегациясы Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш сапардын алкагында, 1-июль күнү КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ян Шанвэй мырза менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара урматтоо жана ишеним негизинде натыйжалуу байланышты улантууга жана өнөктөштүк мамилени бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
