«Хизб ут-Тахрир аль Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү иш-чаралары өткөрүлдү
-
КР УКМК тарабынан 2025-жылдын 22-августунда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында, КР КЖК 331-беренеси («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, «И.А.А.», «М.М.С.», «А.Р.Р.», «А.Р.А.», «А.Н.Б.», «К.А.К.», «Б.З.С.», «А.М.Т.» аттуу 8 мүчөсүнүн («Каракол» жана «Түп» бөлүмчөлөрү) жашаган даректери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү.
-
Кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү диний адабияттар, ошондой эле социалдык тармактарда радикалдык идеологияны жайылткан аккаунттар катталган уюлдук телефондор табылып, алынган. Алынган буюмдар боюнча тиешелүү экспертизалык иштер дайындалды.
-
Учурда КР УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, тыюу салынган уюмдун калган башка катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар уланууда.
