Адилет Жанузаков Туризм фондунун башкы директору болуп дайындалды
14 октябрь

Адилет Жанузаков Туризм фондунун башкы директору болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министрлигинин — ачык акционердик коом «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» жалгыз акциянери катары кабыл алган чечимине ылайык, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору болуп Жанузаков Адилет Канатович дайындалды.

Адилет Жанузаков 1986-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында туулган.

Ал Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине караштуу Аскер университетинин юридикалык факультетин 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган.