МКУ: Жалпы төлөмдүн суммасы 17 335 499,98 сомду түздү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) 2025-жылдын башынан тартып автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча аткарылган иштер тууралуу жана 1-июлдан тартып айып пулдар күчүнө киргенден кийинки оң динамика тууралуу маалымат берет.
Камсыздандырылган автоунаалардын өсүшү
2025-жылдын 28-июлуна карата МКУ тарабынан жалпысынан 266 465 автоунаа камсыздандырылган (1-январдан 28-июлга чейин).
1-июлдан 28-июлга чейин МКУ тарабынан 38 345 жаңы полис берилген.
Бул көрсөткүч жарандардын мыйзамга баш ийүүсү жогорулап жатканын тастыктап турат.
Камсыздандыруу учурлары жана төлөмдөр
2025-жылдын башынан тартып МКУ тарабынан ОСАГО боюнча 190 камсыздандыруу окуясы катталган.
Жалпы төлөмдүн суммасы 17 335 499,98 сомду түздү.
Эң ири төлөм 300 000 сомду түздү. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине төлөндү (ар бирине 150 000 сомдон).
Ошондой эле, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишинде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу окуясы катталган. Жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 300 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.
МКУ өз ишинде ачыктыкты, ыкчамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманат.
