Өзбекстандын президенти 523 адамга ырайым берди
28 август

Өзбекстандын президенти 523 адамга ырайым берди

Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 34 жылдыгын майрамдоонун алдында президент Шавкат Мирзиёев «Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, кылган ишине чын дилинен өкүнүп, түз жолго кайтууга бекем кадам таштаган адамдардын бир тобун кечирүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган документке ылайык, жалпы 523 адамга ырайым кылынды.

Мындан тышкары, тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго кечирилген жарандардын коомго социалдык адаптацияланышына, үй-бүлөсүнө кайтып келишине, пайдалуу эмгекке тартылышына жана коомдо татыктуу орун ээлешине көмөк көрсөтүү тапшырылды.