Оштогу Масалиев кең көчөсүндө веложол менен тротуарларга асфальт төшөлүүдө
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, А.Масалиев кең көчөсү менен кесилишкен Кара-Суу көчөсүнөн баштап Ж.Раимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун эки тарабына аллея курулууда.
Куруу иштерине 10го жакын атайын техника тартылып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар менен веложол дагы курулуп, жаңы жашыл аймактар түзүлүүдө.
