Садыр Жапаров: Айылдарда турак жай үчүн эми жер берилбейт, көп кабаттуу үйлөр курулат
25 июнь

Садыр Жапаров: Айылдарда турак жай үчүн эми жер берилбейт, көп кабаттуу үйлөр курулат

“Эми айылдар да капталынан эмес, бийиктикке карап өсө баштайт”, – деди президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда. 

Ага  Жамила Зайырова деген тургун кайрылып, 21 жылдан бери жеке турак жайы жок жүргөнүн билдирди. Айтымында, 15 жыл кайын журту менен жашаган, андан балдары менен батирлеп жүрөт. Жер маселеси боюнча губернаторго, акимге кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес. 

“Айылдарда эми жеке турак жай салууга жер берилбейт. Анткени капталынан эмес, бийиктикке карай өсүшү керек. Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу үйлөрдү курат. Барган сайын өзүбүздү буудай менен камсыз кыла албай калдык. Алайдан 3,5 гектар жер МИКке берилди. 9 кабаттуу үй курулуп баштайт, анда 1,5 адам үйлүү болот. Болбосо ошол 3,5 гектар жерди 50 адам эле ээлеп калмак. Алайлыктар биздин жерге көп кабаттуу үй курулат дегенди 50 жылда түшүбүздө да көргөн эмеспиз деп жатышат”, – деди президент. 

Ошондой эле ар бир райондо жер бер деп 4-5 миңдей адам “кекиртектеп” турганын жана жакынкы 2-3 жылда үйсүз жарандардын саны азайаарын кошумчалады. 

Тиешелүү кызмат өкүлдөрү Ат-Башыдан 3 гектар жер МИКке бөлүнгөнүн билдиришти эле, президент курулуш иштерин жакынкы күндөрдө баштоо тапшырмасын берди.