Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия 7%га көбөйөт
11 апрель

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия 7%га көбөйөт

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы 11-апрелде Министрлер кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат укту.

Бул маселе боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын пенсия менен камсыз болушу маселесине көңүл буруп, ошондой эле «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге пенсиясына кошумча берилчү 1 миң сомдук төлөмдү 5 миң сомго чейин жогорулатуу маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Таалайбек Сарыбашов аймактардагы Социалдык фонддун имараттары боюнча жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнүн алкагында ипотека үчүн топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын жарандарга берүү механизмдерин тактаса, депутаттар Алишер Козуев жана Пархат Тулендыбаев пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгилешип, жарандардын 30%га жакыны учурда 6 миң 900 сомдук эң аз пенсия алып жатканын жүйө келтиришти.

Депутат Алтынбек Кылычбаев майыптыгы бар жарандардын пенсия маселесин, ошондой эле эмгек китепчеси жоголгон учурда пенсия төлөө тартибине байланыштуу суроолорду узатты. Эл өкүлү Жайлообай Нышанов республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунда жашап, иштеген жарандарга пенсия чегерүү маселесин ортого салды.

Андан тышкары, депутат Арстанбек Эгембердиев айыл чарба тармагында иштеген жарандарга пенсия төлөө тартибин тактоону сунуштап, Социалдык фонддун коммерциялык банктардагы депозиттик салымдарына көңүл бурду. Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева балет артисттерине пенсия чегерүү механизмдерине токтолуп, балериналардын декреттик өргүүсү эмгек стажына кирбегенин белгиледи.

Эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев айыл чарбачылыкта эмгектенген жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери тууралуу сөз кылып, бул категориядагы жарандар үчүн пенсия эсептөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Депутат Улан Примов Социалдык фонддун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо багытында мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы натыйжалуу ишин белгиледи. Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева айрым жарандар пенсия чегерүүдө эмгек стажын аныктоодо кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирди.

Өз кезегинде фракция лидери Бактыбек Сыдыков чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлгөнүн эске салып, бул чаранын жыйынтыгына жана төлөөчүлөрдүн саны канчалык көбөйгөнүнө кызыкты.