Министр Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиянын жаңы дайындалган Элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алды
2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-сауд мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Тышкы саясат ведомствосунун башчысы Ж.Кулубаев эки өлкө ортосундагы активдүү саясий диалогду колдоо жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Ияд бин Гази Хаким Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, кыргыз-сауд кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Министр Ж.Кулубаев жаңы элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди жана демилгелерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
