Саламаттык сактоо министрлиги жана Катар мамлекетинин Элчилиги саламаттык сактоо жаатындагы долбоорлорду талкуулашты
5 август

Саламаттык сактоо министрлиги жана Катар мамлекетинин Элчилиги саламаттык сактоо жаатындагы долбоорлорду талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Джабер Аль-Марри мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы кызматташтыкты талкуулап, саламаттык сактоо жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири – 2025-жылдын күз айларында Катар Мамлекетинде өтө турган Дүйнөлүк менталдык ден соолук саммитине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрин расмий чакыруу болду. Элчи саммиттин алкагында эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрлеринин өз ара жолугушуусун уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи.

Министр Эркин Чечейбаев Катар мамлекетине Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, анын ичинде медициналык объекттерди куруу жана угуусу бузулган балдарга кохлеардык имплантация жасоо боюнча көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда менталдык ден соолук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап, атап айтканда, Чым-Коргон жана Кызыл-Жар айылдарындагы Республикалык психиатриялык ооруканалардын капиталдык оңдоосу жана курулушу боюнча Катар тараптан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Катар Мамлекетинин элчиси бул сунуштарды карап чыгууга даяр экендигин билдирип, мындай долбоорлор Катар кайрымдуулук уюмунун алкагында ишке ашырылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Кадрдык потенциалды кеңейтүү боюнча Кыргызстандагы медициналык ЖОЖдордун акыркы курстарында окуган студенттерин Катарда гранттык негизде окутуу демилгеси көтөрүлдү. Бул программа студенттердин Кыргызстанга кайтып келип, улуттук саламаттык сактоо системасында иштөөсүнө шарт түзөт.

Министр Эркин Чечейбаев Катар мамлекетинин расмий түзүмдөрү жана кайрымдуулук фонддору менен активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.

«Биз практикалык кызматташтыкка жана Кыргызстандын калкы үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулаткан биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ачыкпыз», – деди министр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген демилгелерди ишке ашыруу механизмин талкуулоо үчүн эксперттик деңгээлдеги диалогду улантуу жана кошумча жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашты.