Бишкекте ири алдамчылык схемасы менен алектенген баңгизаты ташыган дропперлер кармалды
17 ноябрь

Бишкекте ири алдамчылык схемасы менен алектенген баңгизаты ташыган дропперлер кармалды

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне 1954-жылы туулган Р.Л., аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан 12-ноябрына чейин белгисиз адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, өздөрүн Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен «мүлктү коргоо жана терроризмге каршы иш-чараларды каржылоо максатында» акча каражаттарын которуу зарылдыгына ишендиришкен.

  • Жабырлануучу алдамчыларга ишенип, батирди сатып, түшкөн акчаны, өзгөчө ири суммадагы ар кандай банктык эсептерге – жалпысынан 18 банкка – которгон. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында Р.Л айымга өзгөчө ири материалдык чыгым келтирилген.

  • Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-пунктуна ылайык (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) кылмыш иши козголду.

  • Атайын иликтөө иш-чараларынын, ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «дропперлери» аныкталган.

  • Алар: 2009-жылы туулган Ж.Д., 2006-жылы туулган О.Б., 1995-жылы туулган С.Д., 2007-жылы туулган О.В., 2007-жылы туулган К.А. жана 2007-жылы туулган Ж.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

  • Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды банк карталарын, сим-карталарын жана мобилдик банкинг тиркемелерин үчүнчү жактар менен бөлүшпөөгө чакырат. Мындай «акча табуу» Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-пунктунда каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигине – мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Схеманы билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт.