Президент жолдордун сапатсыз салынып жатканын “30 жылдан бери жол салбай, унутуп калышыптыр” деп түшүндүрдү
Президент Садыр Жапаровдун Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушуусунда тургун райондогу жолдор сапатсыз салынып жатканын айтты.
Буга президент “көч бара-бара түзөлөөрү” менен жооп берди.
“Биз 30 жыл бою жол курган эмеспиз. Жалаң гана жеке жактарга: түрктөргө, кытайларга берип келгенбиз. Азыр Транспорт министрлигине техниканын баарын алып берип жатабыз. Союз маалында ар бир райондо ДЭУ деген болуп, анда техниканын түрү турчу. Биз да азыр ошондой кылып атабыз. 30 жылда жол салбай жүрүшүп, биринчи жылы өзүбүз салганда толкун кылып салышкан. Эми оңолуп келатышат. Биз алдыда жалаң гана өзүбүз жол курабыз, айлык төлөйбүз, техника, битум, шагыл алабыз, бул мамлекеттин акчасын үнөмдөйт. Жакшы өздөштүрүүгө 5-6 жыл керектелет, “көч бара-бара түзөлөт”, – деди ал.
