КР ИИМ жана АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы кызматташат
2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери, DEAнын Аймактык директору Кристофер Дзедзик, ошондой эле эки мамлекеттин баңгизаттарга каршы күрөшүү багытындагы түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, бул багыттагы заманбап чакырыктарды жана мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Белгилей кетсек, Меморандумдун долбоору 2017-жылдан тартып иштелип чыккан. Тараптардын конструктивдүү өз ара аракеттенүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин колдоосунун аркасында документти макулдашуу иштери ийгиликтүү аяктап, анын жыйынтыгында бүгүнкү жолугушуунун алкагында кол коюлду.
Тараптар кол коюлган Меморандум мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө кесиптик кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз ара кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Иш-чаранын алкагында америкалык делегация Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Аналитикалык борборунун жана Кинологиялык бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен да таанышты.
