«Акыркы коңгуроо». Милиция ата-энелерди балдарына унаанын ачкычын бербөөгө чакырат
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чараларына байланыштуу өлкө аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ЖКККББ ата-энелерди жашы жете элек балдарына автоунаа, мотоцикл жана башка транспорт каражаттарынын ачкычтарын бербөөгө чакырат. Тийиштүү айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок транспорт башкаруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Учурда республиканын бардык мектептеринде ЖКККББ кызматкерлери окуучулар менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана майрам күндөрү коопсуз жүрүм-турум тууралуу маалымат беришүүдө.
ЖКККББ бүтүрүүчүлөрдү, ата-энелерди жана мугалимдерди жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Ар бирибиздин этият мамилебиз менен «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана жагымдуу өтөт.
